Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 10 жаран каза болду. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 4 бейтап (3 эркек - 64 жашта, 66 жашта, 69 жашта жана 64 жаштагы аял киши);
- Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (60 жаштагы эркек);
- Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (80 жаштагы аял);
- Москва аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (35 жаштагы эркек);
- Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (59 жаштагы аял);
- Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (62 жаштагы аял);
- Кочкор аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (81 жаштагы эркек).
Өлкөдө коронавирус инфекциясы катталгандан бери жалпы 88 адам аталган оорудан көз жумду.