Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өттү. Саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги сунушталды.
Анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. "Абдикаримов 30 жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип келет. 2010-жылы саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген", - дейт ал.
Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Алтынай Өмүрбекованы жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.