Бүгүн, 24-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.
Акыркы бир суткада коронавирус жаңы жуктурган 25 адам аныкталды. Коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 656га жетти. Алар:
Бишкек шаарында – 6;
Чүй облусунда – 4;
Ош шаарында – 3;
Ош облусунда – 3;
Нарын облусунда – 9.
Белгилей кетчү жагдай, коронавирусту жаңы жуктуруп алган 25 жаран обсервациядагылар болгонбу же башка шарттан катталдыбы, маалымат берилген жок.