Бүгүн, 22-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 338 миң 617 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 62 миллион 808 миң 681 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 465 миң 846 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 133 миң 627 болду. 498 миң 879 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 991 миң 651 адамдан аныкталды. 156 миң 212 адам каза болсо, 10 миллион 689 миң 715 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.