Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл Рамазан айы пандемия жана жазгы талаа иштери күчөп турган маалга туура келгендиктен, аны кийинкиге жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы бул тууралуу элди кирип келген Рамазан айы менен куттуктап жатып айткан.
"Өлкө ичинде бир дагы коронавирус менен катталган адам жок. Бирок орозо учурунда адам суу ичүүдөн, тамак жегенден өзүн тыят. Мындан улам анын иммунитети түшүп кетиши мүмкүн жана оору жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт", - деген президент өз сөзүндө.
Муну менен бирге эле ал айыл чарба секторунда иштеген, эл кызматында ар кандай эмгектерди аркалап жүргөн жарандарага оор болуп калбаш үчүн, орозо күндөрүн кийинкиге жылдырып кармоону сунуштаган.
Тажик өкмөтү өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандар жоктугун айтып келүүдө. Бирок укук коргоочулар мамлекетте акыркы кездери өпкөсү ооругандар көбөйгөнүн белгилеп, ачык маалымат берүүгө чакырган.