Кытайдын 10 миллионго жакын калкы бар Харбин шаары коронавируска байланыштуу жабылды

Кытайдын түндүк-батышындагы Харбин шаарына COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны көбөйгөндүктөн кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Кытайдын бийлиги оорунун экинчи толкунун болтурбоо үчүн шаарга кирүүгө жана андан чыгууга тыюу салган. Харбин шаарынын тургундарында бир райондон экинчи районго баруу үчүн коронавирус жуктурбаганын тастыктаган QR-код болушу керек. Ошондой эле жарандар көчөдө бет кап тагынып жүрүүгө милдеттендирилди.

Харбинде акыркы 10 күндүн ичинде 57 адамдан коронавирус аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
keba300989
2020-04-24 10:20:58
Башталды
+1
Nuri1988Elim2010
2020-04-24 10:26:49
Качан бүтөөр экен ушул вирус. Кытайлар атайын кылып жатышабы деймда калкы көпго деген ой келип жатат. Мусулман бир туугандаырыбызды кудайым өзү сактасын
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан