Орусияда COVID-19 инфекциясына каршы вакцинанын клиникалык изилдөөлөрүн жүргүзүп баштоо мөөнөтү белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, изилдөөлөр 29-июнда баштала турганы айтылат.
"Жалпы жонунан орусиялык окумуштуулар коронавируска карата колдонуучу вакцинанын 25 түрүн иштеп чыгып, ага изилдөө жүргүзүшкөн. Арасынан клиникалык тажрыйбалар үчүн 3 түрү гана тандалып алынды. Алар салыштырмалуу эффективдүүлүгүн көрсөтүшкөн.
Орусиядагы мамлекеттик вирусология жана биотехнологиялар илимий борборунун директору Ринат Максютов бардык изилдөөлөр катуу көзөмөл астында белгиленген график менен жүрүп жатканын айткан. Эгер клиникалык изилдөөлөр ийгиликтүү өтсө, 2020-жылдын сентябрь айында коронавирус илдетине каршы вакцина расмий түрдө катталып, өндүрүшкө чыга баштайт", - деп жазылат маалыматта.