25-апрелге карата дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 2 миллион 790 миң 986га жетти. Алардын арасынан 781 миң 382 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылса, 195 миң 920 адам каза болду.
АКШда 890 миң 524 адам коронавирус менен жабыркап, анын 96 миң 677си ооруканадан айыгып чыкса, каза болгондордун саны 51 миң 17ге жетти.
Коронавирустун көп жайылуусу боюнча экинчи орунда турган Испанияда 219 миң 764 жарандан коронавирус аныкталды. Анын 92 миң 355 бейтап инфекциядан сакайып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 22 миң 524 адам көз жумду.
Ал эми Италияда болсо 192 миң 994 адам коронавирус жуктуруп, анын 60 миң 498и айыгып чыгып, 25 миң 969 бейтап каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.