Талас эмне үчүн "таза" бойдон? Министрликтин жообу

Бүгүн, 28-апрель саат 10:00дө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын берди. Анда "Талас "таза" бойдон калууда, бүгүнкү күнгө чейин коронавирус катталган жок, кандай чаралар көрүлдү?" деген суроо берилди.

"Талас облусунда бүгүнкү күндө абал туруктуу. Облуста чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор деле болгон. Бирок көпчүлүгү Бишкек шаарында болуп, оорулууларды убагында аныктап, алар менен байланышта болгондорду убагында обсервацияга алганга жетишип калдык. Экинчиден, аталган облуста көзөмөл катуу жүргүзүлдү. Облустук штаб өзүнүн ишин жакшы аткарып жатат. Бүгүнкү күндө Таласта дагы алдын алуу иштери улантылууда", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
sirenaaaaa
2020-04-28 10:38:47
Таластын жери чон Болгону менен эли аз да. Оштун бир эле карасуу районунун Элине жетпейт экен калкы общий облус боюнча. Анан аз адамды башкаруу да оной. Тем более айыл айыл бири бирине чыгарбай жолдорду жаап салган. Сырттан кирген бироо болсо сразу посттон текшерип, анан 14кун карантинге алынып жатат. Участковый кунуго текшерип турат
+16
AksyKum
2020-04-28 11:11:36
sirenaaaaa,башка Жак деле ошентсе болот эле эч Ким алардын колунан кармаган жок.
+8
adoi
2020-04-29 05:22:40
Талас дагын тажик менен туркмонго окшоп бекитип жатабы деймда
-2
AksyKum
2020-04-28 10:39:02
Себеби аларда опко жок.каронавирус опко ооруу экен(тамаша)
+26
aytunuk
2020-04-28 11:08:12
Талас эли азаматсыңар тартипти катуу кармадыңар.
+18
chake
2020-04-28 11:12:34
Талас эли коюлган талаптарды так аткарды азамат экен
+15
boston___
2020-04-28 11:16:14
эми куудулдарга дан болдуда опкосу жоктугунан вирус жукпады деп дегендей
+16
Milduri
2020-04-28 11:17:14
Таласта мектептер, бала бакчалар иштей бериш керек эле, балдарды үйдө кармап кыйнабай, Таласка кире бериш посттон эле эч кимди киргизбесе болду таза бойдон калат.
+8
bekusik28
2020-04-28 11:55:36
Таластыктар азаматсыңар. Силердин эмгегиңер өтө жакшы
+11
stal.ks
2020-04-28 11:59:49
Башка областар жолду жаап койо албайт, себеби алар аркылуу башка областарга жол бар.
+4
AksyKum
2020-04-28 12:06:44
stal.ks,Баткен менен каякка барат .Баткен жапса Ош Жалал-Абад тарабын жапса Жалал-Абад Чуй тарабын жапса эле болду беле Таласка окшоп эле баары бир тарабын жабат
0
Nurbany
2020-04-28 14:34:06
Уят ай министрлик озунор сактап калдык деп алдынарго оляя антпей эле алар катуу тартипти карманды
+6
aza84
2020-04-28 14:45:39
Талас алга Азаматсынар
+6
baku24
2020-04-28 23:47:31
Таластыктардын иммунитети кучтуу экен. Эми элдин баары бешмармак менен чучук жеп кымыз ичиш керек окшойт. Оору жукпайт деп
-1
MKW.MYRZAiYM
2020-04-29 08:29:33
Карантин жарыялаган куну эле Таластын Майда 50 тутун айылдарынан баштап блок постторду орнотуп, биринчи айылдан экинчи айылга эледерин киргизишпей, кочодо маскасы жокторго штраф салышып, катуу кармады. Коро албагандар актанбай эле койгула, Таластын эли жоопкерчиликтуу мамиле кылды. Чыкпагыла десе чыкпай. Кудайым Таласты гана эмес, Жети дубандын элин жаман оорудан сактасын.
+2
Hanbike9686
2020-04-29 10:33:22
Биздин губернаторго Марат Мураталивге чоон рахмат и жанындагы командасына. Байкуштар кун тун уктабай аябай иштешип
Жатат , маскасы жок эч жака кире албайсын охраналар катту текшерип жатышат, кудо эшике чыпагыла деп сайрап кочомо кочо кыдырып журушот.. кудайдан болуп ушу жаман оору келбесе экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан