Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берип жатат.
"Медициналык кызматкерлер бет кап, коргонуучу кийимдер менен жетиштүү түрдө камсыздалып жатат. Өзгөчө Ош жана Жалал-Абад облустарына биринчи кезекте коргонуучу каражаттар жөнөтүлүп жатат. Өкмөт тарабынан 30 миллион сом бөлүндү", - дейт Акматова.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.