Өзбекстанда бүгүнкү күндө 520 жаран коронавирус менен жабыркап жатат. Мындан тышкары чет өлкөдө жүргөн 23 Өзбек жаранынан коронавирус аныкталды.
Өзбек басылмаларынын маалыматы боюнча, АКШда жашап жаткан 51 жаштагы өзбектандык жаран коронавирустан каза болду. Муну менен чет өлкөдө жүргөн Өзбек жарандарынан үчөө вирустан каза болушту.
Ал эми өлкө аймагында коронавирустан 30 адам толугу менен айыкса, илдеттен эки адам көз жумду.