Бишкекте жаңы курулуп жаткан инфекциялык оорукана сынга кабылды. Өкмөт башчы бул боюнча түшүндүрмө берди

Эл арасында Бишкек шаарында курулуп жаткан инфекциялык ооруканага айтылган сындар көп болууда. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда жаңы курулуп жаткан ооруканалар тууралуу маалымат берип жатып, айтылган сындарга карата жооп берди.

"Учурда оорукананы куруу иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү. Бул оорукана тез курулуучу атайын конструкция менен тургузулган. Ал ар кандай инфекциялык ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө пландаштырылып салынууда.

Мындан тышкары дары-дармектердин запастары камдалып, фарм компаниялардын аларды алып келүүсү боюнча маалыматтар күнүгө такталып турат. Ошондой эле салынып жаткан ооруканалар медициналык техника жана эмеректер менен толук жабдылат", - деп билдирди ал.

Премьер-министр 4-сентябрга карата 7 ооруканада курулуш жана оңдоп-түзөө иштери бүткөнүн кошумчалады.

* Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана;

* Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук оңдолду;

* Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана даярдалды;

* Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу;

* Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медициналык тейлөө борбору – 60 орундуу;

* Каракол шаарында облустук бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу;

* Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу.

Калган ооруканаларда иштер толук кандуу жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан