"Айлык-акы төлөнөт". Ош мэриясы медиктерди жардамга чакырып жатат

"Айлык-акы төлөнөт" деген Ош мэриясы медиктерди жардамга чакырып жатат. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош шаарында COVID-19 инфекциясына байланыштуу абал оорлоп бараткандыгы үчүн ыктыярчы дарыгерлерди жардамга чакырабыз. Март айынан бери медицина кызматкерлери, эпидемиологдор күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Дарыгерлер тынымсыз иш алып барып, айрымдары оору жугузуп алгандыктан медицина кызматкерлери тартыш болууда.

Биз кайдыгер эмес жогорку, орто билимдүү жана тажрыйбасы бар медицина кызматкерлерин, ординаторлорду жардамга келишин өтүнөбүз. Кайрылгандар Ош шаардык ооруканасы менен келишимдик негизде иш алып барышып, айлык акысы берилет", - деп жазылат маалыматта.

Байланыш телефондору: (0772) 45 49 49, (0550) 29 26 24.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан