Обончу, аткаруучу, диктор, Опера-балет театрынын солисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыповдун жубайы Жүмабүбү айым каза болду. Маалыматты ырчы Илгиз Абдалиев ырастап, буларга токтолду.
"Таежем бир айга чукул убакыттан бери ооруп жаткан. Ал пневмониядан 23-июлда каза болду. Бүгүн, 24-июлда анын сөөгү Бишкек шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлду", - дейт ал.
Жолдубай Кайыпов 1984-жылы 29-мартта 37 жашында киши колдуу каза болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жумабүбү айымдын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.