Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония карантинге жабылды

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы карантинге жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына филармониянын көркөм жетекчиси, режиссёр Алтынбек Максүтов билдирди.

Максүтовдун айтымында, мындай чара өкмөттүн атайын токтомунун негизинде киргизилди.

"Бул токтом коронавирустун жайылышын болтурбоо жана аны алдын алуу максатында чыгарылганын түшүндүрүштү. Учурда бардык мамлекеттик мекемелерде майрамдарга карата өткөрүлчү иш-чаралар токтотулуптур. Бул убактылуу чара экен. Филармониядагы карантин канча убакытка чейин созулары белгисиз. Ал эми жакында боло турган майрамдык концерттерге алынган билеттердин ээлерине акчалары кайтарылып берилет", - дейт Алтынбек Максүтов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aruujanshaxi
2020-03-06 15:46:09
Вирус катталган жок деп анан карантинге алганы эмнеси. Чек араны катуу көзөмөлгө алышсын, вирустун очогу делген мамлекеттерден келгендигин жашырып өткөндөр чыгыптыр го. Болбосо ачык айтып сактангыла дегиле да. Элди ойлобойсуңарбы өзүңөрдүн креслоңорду эмес.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан