"Бет кап тагынбагандар 3 жылга эркинен ажыратылат". Катар жана Кувейтте бет кап тагынбагандарга жаза күчөтүлдү

Кувейт жана Катардын жашоочулары коомдук жайда бет капсыз жүргөнү үчүн 55 миң долларга чейин айыпка жыгылат же 3 айдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кувейт жана Катар өлкөлөрүнүн бийлиги бир учурда бет кап тагынбагандар үчүн күчөтүлгөн жаза колдонуларын билдиришти. Кувейттин саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө бет кап тагынбаган жаран 3 айга чейин эркинен ажыратыларын же 16 миң 200 доллар айып пулга жыгыларын жарыялады. Ал эми Катарда мындай эреже бузуу үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы же 55 миң доллар айып пул төлөөсү мүмкүндүгү айтылган.

Белгилей кетсек, 18-майга карата Кувейтте коронавирус илдетин жугузгандардын саны 14 миң 850гө жетип, анын 112си каза болсо, Катарда 32 миң 604 жаран вирус менен катталып, арасынан 15 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2020-05-18 21:30:56
Абересиндин куйоосу айтмакчы СЛЫШКЫМ го,элестет 1 маска учун 3жыл турмодо отурсан)
+1
bekbolotabdirasulov
2020-05-19 06:13:17
Nur777,элдери тоготпойтко сынары бийликти поэтому наверное
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан