Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы тастыкталган COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан бейтаптардын видеосу жарыяланды.
Видеодо дарыгер ооруканада жаткан бейтаптардын абалын сурап, алардын элге кайрылуусун жарыялаган. Бейтаптардын бири жумуштан жугузуп алганын айтат. Ал эми экинчи бейтап аял Орусиянын Оренбург облусунан келгенин, обсервацияда жатканда тапшырган алгачкы анализи таза чыгып, экинчисинде коронавирус аныкталганын айтат. Ошондой эле эки бейтап тең оор абалда келип, эми сакайып жатышканын билдиришкен.