Бүгүн, 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтаптардын бири медицина кызматкери, №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, 1962-жылы туулган, экинчи бейтап 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну.
Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги аныкталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: кант диабети, полиоргандык жетишсиздиги.