Коронавирустан каза болгон дарыгер 30 жылдан ашуун медицина тармагында иштеген

Бүгүн, 3-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрүштү.

Акматова статистика берүү оор болуп жатканын айтып, брифингди баштады.

"Коронавирустан каза болгон кесиптешибиз, №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын жакындарына, үй-бүлөсүнө көңүл айтып кетүүгө уруксат бериңиздер. Ал 1962-жылы Кочкор районунда туулган, 30 жылдан ашуун медицина тармагында иштеген. Саламаттыкты сактоо системинин отличниги болгон. Өз ишин мыкты билген адис катары жашап өттү", - дейт Акматова.

Кечээ, 2-майда эки бейтап (бири Жалал-Абад облусунун тургуну, экинчиси №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери) каза болгону маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krai
2020-05-03 10:26:37
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун эл үчүн иштеп кетиптир
+1
Djumahmatov
2020-05-03 12:13:20
Аллахка гана белгилүү эмнеден өлгөнү лично мен ишенген жокмун
-1
Djumahmatov
2020-05-03 12:13:37
Жаткан жери жайлуу болсун
0
zari_kosh
2020-05-03 12:47:10
Медиктерге ооруса, оорубаса деле акча толоп бере турган кылбаса атайлап оору жугузгандай ой калтырат экен. Баарына эле тегиз акча толоп беришсе кошумча жакшы болмокпу
-2
Aikaaaa
2020-05-03 15:58:00
zari_kosh,ушинтип өлүп калайын деппи, кантип ушунчалыкка чейин оюңар барат. Болбосо бул эженин уулуна да жугуп, реанимациядан жаңы чыкты делинип жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан