28-мартка карата коронавирус оорусун жуктургандардын саны АКШда күн санап өсүүдө. Жалпы вирустан жабыркагандардын саны 595 миң 953 адам. Анын 131 миң 7си дарыланып, ооруканадан чыгарылса, 27 миң 333 адам көз жумган.
Вирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан озуп 1-орунга чыккан АКШда учурда 104 миң 7 адам вирус менен жабыркап, 1693 адам каза болду. Ал эми 873 адам ооруканадан дарыланып чыгарылган.
Экинчи орунда турган Италияда 86 миң 498 адам вирусту жуктурган жана Кытайда 81 миң 905 адам коронавирус менен алышууда.
Вирустан каза болгондордун саны Италияда көп катталууда. Учурда 9134 адам вирустан каза болгону маалым. Кийинки кезекте Испания 5138 адамын жоготту жана Кытайда 3296 адам вирустан каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.