Пневмонияга чалдыгып ооруканада жаткан Саламаттыкты сактоо министри кызматтан кетүү арызын жазганы айтылууда

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кетүү арызын жазганы айтылууда. Социалдык тармактарда министр ден соолугуна байланыштуу кызматтан кете турганы жазылып жатат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан бул боюнча маалымат жоктугун билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетине чалдыккан.

Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп быйыл апрель айында дайындалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2020-07-27 15:03:53
Батыралиевди койгула. Башкасы иштей албады
+1
Adil18
2020-07-27 15:22:26
Талантбек Баатыралиевди койгула!
0
ALATOOLUK.JIGIT
2020-07-27 16:05:04
бары-жогу бирдей экен мунун. лучше кеткени он го.
+2
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-27 16:13:31
Ай мени дагы коюп коргулочу, баары бир жыт пыты билинбегендер министр болуп атышат го.
Балким коронавирус качып кетээр мени коруп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан