Кыргыз өлкөсүнө чет элдик жарандар үчүн кирүүгө убактылуу тыюу салынганы жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
"Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан, биз коопсуздук чараларын күчөттүк. Ошого байланыштуу чет элдик жарандарга өлкө аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Кабыл алынары менен күчүнө кирет. Ошол эле маалда жүк ташууларга чектөө коюлбайт. Башкача айтканда, жүк ташуу менен иштеген компанияларга тыюу жок. Бул убактылуу чара канча убакытка созулары аныктала элек. Көптөгөн мамлекеттер ошондой чара көрүп жатат. Бул өкмөттүн токтому менен кабыл алынат", - дейт Өмүрбекова.