Бүгүн, 24-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирус оорусу тууралуу маалымат жыйын болуп өттү.
Жыйында Кытайда тарап жаткан коронавирус оорусу Кыргыз өлкөсүндө катталбаганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.
"Негизи коронавирустун 39 түрү бар. Алар мышык, ит сыяктуу жаныбарлардын арасында тараган. Бул вирустун 6 түрү адам үчүн кооптуу болуп саналат. Окумуштуулар коронавирус оорусу адамдан адамга жугат дегени менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул маалыматты тастыктай элек" , - деди Жороев.
Мындан тышкары, Жороев өлкө ичинде сасык тумоого каршы 150 миң вакцина бар экенин белгилеп өттү.
"Мындан беш жыл мурда 20-24 миң гана вакцина алчу элек. Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоо маселесин орчундуу деп, жыл сайын көлөмүн көбөйтүп келет. Анын негизинде тендер аркылуу 150 миңден ашык вакцина сатып алдык. Чындыгын айтыш керек, бул вакцина баарына жетпейт. Болгону тобокелдикке кирген кишилердин 23 пайызын гана камтыйт. Бизде 650-700 миңге жакын адам тобокелчилик тобуна кирет", - деди ал.
Жыйынга министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, Республикалык жугушту оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жана Санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Зинат Бейшебаева катышты.