Өкмөт өкүлдөрү Кытайдын медициналык эксперттер тобу менен жолугушту

Бүгүн, 26-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Кытайдын медициналык эксперттер тобу менен жолугушуу болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Жолугушууга вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кыргыз өлкөсүндөгү Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь жана башкалар катышты.

Келгенден бери эксперттик топ оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун иштери менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү жергиликтүү дарыгерлердин кызыккан суроолоруна жооп берип, COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү Кытай Эл Республикасы тажрыйбасы менен бөлүшүштү", - деп айтылат штабдын маалыматында.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2020-04-26 19:55:24
Канча врач Кытайдан келген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан