Жалал-Абад мэриясы "дезинфекция кылгандар иштегендей түр көрсөтүп сүрөткө түшүп кетишти" деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди

Кечээ, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын берип жаткан онлайн маалымат жыйыны учурунда "Жалал-Абад шаарынын темир жол бекети аймагынын негизги көчөсүнө дезинфекция жасоо үчүн барган кызматкерлер ишин аткарбай эле дезинфекциялаган түр көрсөтүп, сүрөткө түшүп кетишти" деген маалымат жергиликтүү тургун тарабынан айтылган.

Буга байланыштуу бүгүн, 19-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэриясы SUPER.KG порталына дезинфекциялоо иштери боюнча тактоо маалыматын берди.

"Жалал-Абад шаарында карантин башталгандан бери дезинфекциялоо иштери күнүгө үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келе жатат. Шаарды дезинфекциялоого атайын техникадан тышкары шаардык бийлик тарабынан ыктыярчы жаштар дагы тартылган. Жаштар комитети, ыктыярчылар ӨКМнын Жалал-Абад шаарындагы бөлүмү менен биргеликте дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө жардамдашууда.

Ал эми кечээги Жалал-Абаддагы темир жол бекети аймагы боюнча айтылган маалымат так эмес. Биринчиден, ал жакта жөө адамдар тууралуу айтылыптыр, биз жактан темир жол бекетинин аймагына жөө ыктыярчылар барган эмес. Болгону темир жол бекетинин аймагындагы чоң көчөлөрдү дезинфекциялоо үчүн өрт өчүрүүчү унаа жиберилген. Ал жакка баргандар, балким, башка шаардагы ыктыярчы топ болушу мүмкүн. Учурда өз жардамын көрсөткөн көп эле жаштар чыгууда. Ал эми шаар бийлиги тарабынан уюшулган ыктыярчылар көбүнчө борбордук көчөлөрдү дезинфекциялашат. Алар коомдук жайлар болгон сейил бактар, жөө өтмөктөр, эс алуучу жайларды тазалашат. Ошондо дагы биз шаардык мэрия отчёт үчүн сүрөткө тартабыз, бирок анда мэриядан атайын кыздар, балдар барып тартып келишет. Темир жол бекетинин аймагы конуш жай болгондуктан, ал жакка жөө жүргөн ыктыярчылардын барышы оор", - дейт шаар мэриясынын маалымат катчысы Азамат Жээнбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан