"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетинен 83 миллионго чукул бейтап айыгып чыкты

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 143 миллион 503 миң 705 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 82 миллион 207 миң 244 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 55 миң 760 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 22-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 862 миң 76 болду. 569 миң 407 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 15 миллион 616 миң 130 адамдан аныкталды. 182 миң 553 адам каза болсо, 13 миллион 276 миң 39 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 122 миң 795 адам вируска кабылган. 381 миң 475 бейтап көз жумса, 12 миллион 428 миң 377 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан