Орусиянын белгилүү дарыгери жана теле алып баруучусу Елена Малышева социалдык тармактагы жеке баракчасында колдонуучулар менен түз эфирде маек куруп жатып, коронавирусту керемет деп атаган. Анын бул билдирүүсү коомчулукта туура эмес пикирлерди пайда кылып, анын бул айтканын көпчүлүк түшүнбөй калышкан.
Малышева эмне үчүн вирусту керемет атаганын жергиликтүү басылмаларга берген маегинде түшүндүрүп берди.
Айтымында, коронавирустун кереметтиги ал балдардын эмес, жашы жетип калган жарандардын өмүрүн алгандыгында.
"Мен бул вирусту керемет деп айтам жана анын керемет экенине ишенем! Коронавирус чыныгы керемет, себеби андан балдар өлбөйт, ооруп калышпайт жана 20 жашка чейинкилер жандандыруу бөлүмүндө калышпайт. Анын кереметтиги вирус менен 70, 80, 90 жаштагы жарандар жабыркап, ооруганында", - деп билдирген Малышева.
"Коронавирус тууралуу статистика бар. Ал Кытай, Италия жана Америкада эпидемия күчөгөн мезгилде топтолуп, аныкталган статистика. Андагы маалыматка ылайык, Кытайда коронавирустан 10 жашка чейинки балдар көз жумган эмес. Ал эми Америкада 20 жашка чейинкилер бейтапканалардын жандандыруу бөлүмдөрүнө оор абалда түшкөн эмес.
Ооба, жаштарга дагы кээ бир учурда вирус жугуп калып жатат. Бирок алар вирустун оор түрү менен жабыркабай эле айыгып жатышат. Бул жакшы көрүнүш жана бул чоң бакыт. Ошондуктан коронавирусту мен абсолюттуу түрдө керемет деп атайм", - деп кошумчалаган ал.
Дарыгердин билдиришине ылайык, коронавирус көбүнчө өнөкөт оорулары бар адамдарга жабышат.
"Башка вирустардын бардыгы биринчи кезекте балдардын жана кош бойлуу аялдардын өмүрүн алганга аракет кылат. Коронавирустун дагы бир керемети – кош бойлуу аялдарга жана балдарга кол салбайт. Италиялыктар өлгөндөрдүн орточо жашы 79 жашты түзүп жатканын айтып жатышат.
Албетте, бул башкалар ооруп же өлбөйт дегенди билдирбейт. Бирок бул оору карыларга жана катуу өнөкөт оорулары бар адамдарга өзгөчө коркунучтуу экендигин айгинелейт. Бул олуттуу өнөкөт ооруларга семирүү, кант диабети, жүрөк жана өпкө оорулары жана гипертония кирет", - деп билдирген Малышева.