АКШнын президенти Дональд Трамп керектүү медициналык каражаттарды жана дары-дармекти экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Мен медициналык каражаттарды экспорт кылышына каршымын. Ошон үчүн өндүрүштү коргоо актына шайкеш келген токтомго кол койдум", - деди Трамп.
Токтомго ылайык америкалык өндүрүшчүлөргө респиратор, хирургиялык бет кап, кол кап баштаган коргоочу каражаттарды экспорттоого тыюу салынат. Президент бул каражаттар АКШнын өзүнө керек экенин белгиледи.
Буга чейин №95 респираторун чыгарган америкалык "3M" компаниясы администрациянын Канадага жана Латын Америкасына экспортту токтото туруу сунушун четке каккан. Компания мындай кадам аймакта гуманитардык көйгөйдү гана жаратпастан, бул өлкөлөрдү жооп иретинде чара көрүүгө түртө турганын билдирген.
Компания коргонуучу каражаттарды көбүрөөк чыгара баштаганын айтканы менен айрым штаттардын губернаторлору бет каптарды чет элдик кардарлар менен талашып алып жатканына даттанышууда.