Быйыл 9-11-класстар мамлекеттик аттестациялык экзамендерин тапшырышат, бирок мурдагыдан башка форматта. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Жыйында жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендер өтүшү керек экендиги айтылып, анын тартиби түшүндүрүлдү.
"Ар бир мектепте дезинфекциялоо иштери аяктагандан кийин, биздин буйруктун жана нускамалардын негизинде ар бир мамлекеттик жана менчик мектептин директору өзүнүн буйругун чыгарат. Ал буйрукка ылайык, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодо көрсөтүлгөн төрт негизги предмет боюнча, төрт предметтик комиссия түзүлүшү керек.
Комиссияга (комиссия 3 же 5 кишиден турат) класс жетекчи жана предметтик мугалим ар бир окуучу тууралуу көлөмдүү маалымат берет. Ал маалыматта окуучунун жыл бою алган баалары, текшерүү иштери, жалпы эле жылдык көрсөткүчү жана өзгөчө жетишкендиктери камтылышы шарт. Мисалы, бала окуусунан тышкары олимпиадаларга, спорттук иш-чараларга, ар кандай конкурстарга катышып жүргөн болсо, ал дагы эске алынат. Мына ушул маалымат базасынын негизинде мамлекеттик экзамендин жыйынтыктоочу баасы коюлат. Предметтик комиссия бааны койгондон кийин ар бир окуучуга ошол эле күнү дистанциялык түрдө билдирүү жөнөтөт. Эгер окуучу комиссиянын баасына канааттанбаса, апелляция тапшырып, өзү дистанциялык түрдө ошол предметтен кайра экзамен тапшырса болот", - деди Надира Жусупбекова.