Германияда медицина кызматкерлери коргоочу кийим жана медициналык бет каптын жетишсиздигинен улам өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн "жылаңач" флешмобун башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Германияда алгач коронавирус катталган январь айынан бери бейтаптар менен иш алып барган медицина кызматкерлери коргоочу кийимдер, медициналык бет каптар менен жетиштүү камсыз болбогонун айтып келишкен. Алардын нааразычылыктарынан жыйынтык болбогондо, бул көйгөйгө көңүл бурдуруу максатында аталган флешмобду башташкан. Жылаңач сүрөттөрү аркылуу медицина кызматкерлери коронавирустан кандай коргонуп жатканын көрсөткүсү келген.
Белгилей кетсек, Германияда алгач январь айында коронавирус аныкталган, учурда илдетке чалдыккандар 159 миң болду.