Бишкек шаарынын мэриясында өлкөнүн аймагында коронавирус илдетинин жайылышынын алдын-алуу жана эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө брифинг болуп өттү. Анда №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова Бишкек шаарында үй карантинине канча адам чыккандыгы тууралуу маалымат берди.
"Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлери үй карантининдеги адамдардын ден соолугунун абалын байкоо жүргүзүшүүдө. 2021-жылдын 1-январынан бери бардыгы болуп 5 миң 704 адам үй карантинине алынган. Алардын ичинен карантиндин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 3 миң 906 адам байкоодон чыгарылган.
Ушул жылдын 19-апрелине карата байкоодо 2 миң 880 адам турат. Алардын ичинен 1 миң 82 адамдан ПЦР-анализи оң жыйынтык менен аныкталган. Үй шартындагы карантин мөөнөтүн өткөрүп жаткан адамдарды көзөмөлгө алуу максатында мобилдик бригадалар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 19 мобилдик бригада иштеп жатат. 2021-жылдын 1-январынан тартып мобилдик бригадалар 14 миң 386 жолу чыгып, 13 миң 809 адамдан ПЦР-анализин алышкан. Ал эми 18-апрель күнү 281 ПЦР-анализи алынган", - деди Искакова.