
Орусия коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жүк жөнөттү.
Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системдердин бир нече топтому берилгенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Коронавирус инфекциясы катталгандан бери Орусиядан жалпысынан жардам иретинде миңден ашуун ПЦР тест-системинин топтому келген.
Кыргыз өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министирлиги Орусия мамлекетине, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөт.