Баткен облусунда 54 адам карантинге алынды

Бүгүн, 21-мартта Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталып, алардын бири Баткенден болгону аныкталды. Окуяга байланыштуу Баткенде коронавирусту жайылтпоо боюнча иш-чаралар күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Учурда Баткен облусунда 54 адам карантинге алынган, алардын 49у кичи ажылыктан келгендер. Булардын ичинен 21 жаран изоляторго жайгаштырылды. Бүгүнкү күнгө облустун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде 343 изолятор, 456 обсерватор даярдалган. Коӊшу мамлекеттер менен чек аралаш аймактарына блокпосттор коюлууда", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Benazir08
2020-03-21 19:36:55
Мне жеп ичип атышат булардан бирр кабар алып атабы?
0
Farra16gsin
2020-03-21 20:45:46
Супер инфо темасын туура жазгылачы биринчи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан