Ысык-Көл облусунда жазгы талаа иштери былтыркы жылга салыштырмалуу 15-20 күнгө эрте башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн брифинг учурунда айтты.
"Облус боюнча жазгы талаа иштерине эч кандай бөгөт коюлган жок. Тескерисинче быйылкы жылы жаз эрте келип, элдин бардыгы айыл чарба жумуштарын жылдагыга салыштырмалуу 15-20 күнгө эрте аткарышты. Бүгүнкү күндө картошканын тигилгени былтыркы жылдын деңгээлинде, ал эми кылкандуу дан эгиндери былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк эгилди. Күйүүчү-майлоочу майлар дагы быйыл арзан болуп, жакшы шарт түзүлдү. Бул жагынан эч кандай көйгөй болгон жок", - деди Осмоналиев.