Бүгүн, 20-апрелде социалдык тармактарда Нарын шаарынын тургунунун кайрылуусу жарыяланган. Анда Нарын шаарында милиция кызматкерлери ага туура эмес мамиле кылышкандыгы баяндалган. Ошол себептүү Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасы окуянын чоо-жайын төмөнкүчө билдирет.
Маалыматка ылайык, ал түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууда моюн толгоп, провокация кылууга аракет жасаган.
"18-апрель күнү саат 12:00 чамасында Нарын шаарынын Ленин жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги постто "БМВ" үлгүсүндөгү унаа тиешелүү документтерди текшерүү максатында токтотулган. Бирок ал документтерин бербей, милиция кызматкерлерин жөөлөп, мыйзамдын талабына баш ийбей, унаасын айдап кетүүгө аракет кылганда аны токтотуп калышкан. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууда моюн толгоп, провокация кылууга аракет жасаган.
Ошол себептүү жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар Нарын ОИИБинин электрондук журналына катталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө айдоочунун унаасы атайын токтотуучу жайга токтотулган. Айдоочуга айып пул салынып, андан кийин унаасы атайын токтотуучу жайдан чыгарып берилген. Ал эми Нарын шаарынын тургунунун кайрылуусу чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилейбиз", - деп билдиришти Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматынан.