"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте дезинфекция иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Биринчи Май жана Свердлов районунун 20дан ашык көчөлөрү, Ленин районундагы 25 көчө жана Октябрь районунда жайгашкан борбордук 7 көчө дезинфекцияланганы маалымдалды.
"Кызматкерлер шаардын төрт районунда жайгашкан шаардын көчөлөрүн, тротуарларды, ооруканаларды, мечиттерди дезинфекциядан өткөрүп жатышат. Мындан тышкары Бишкек шаарындагы жер төлөөлөр, таштанды жайлары, оюн аянтчалары, аялдамалар, мейманканалар, базарлар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер массалык түрдө дезинфекциядан өтүп жатат. Шаардагы сейил бакчаларынын жолчолору да дезинфекцияланды. Ошондой эле дезинфекция иш-чаралары борбордогу тротуар жана скверлерде жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
"Тазалыктын" 100дөн ашык кызматкери күнүнө беш жолудан аз эмес карантин жүрүп жаткан жерлерде күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатканын белгилешти.