24-майда Орозо айт намазы аянтта жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 24-майдагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт.
Ошондуктан, туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. 24-май күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот", - деп жазылат маалыматта.