21-майга карата өлкөдөгү стационарларда 374 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 5 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 1 миң 902 адам обсервацияда калууда.
Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 567 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 376 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы жетөө (Бишкекте 6, Чүйдө 1) каза болду. Калган 188 жаран дарыланып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 329. Анын 155 бейтабы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 133 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 19 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 3, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 10, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 3, Алайдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 1, Кара-Сууда 1, Ноокатта 1, дареги көрсөтүлгөн эмес) стационарларда калууда.
Ош шаарында 174. Анын 147 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда 24 бейтап дарыланууда Ош шаардык клиникалык ооруканасында 23, Ош облустук ооруканасында 1).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 155. Бүгүнкү күндө анын 137си айыгып, 18 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук ооруканасында 3, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 1, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 13, Ала-Бука районундагы аймактык ооруканасында 1).
Нарында жалпы 221. Анын ичинен 106 жаран сакайып, бир бейтап каза болду. 114 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 103, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 1, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 10).
Баткен облусунда жалпы 27. Анын 20 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 7 жаран стационарларда калууда (Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 5, Кызыл-Кыядагы балдар ооруканасында 2).
Ысык-Көлдө жалпы 14. Анын 10 бейтабы айыгып, калган 4 жаран стационарларда калууда (облустук ооруканада 3, Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканасында 1). Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.