Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сауд арабиялык журналист Жамала Хашоггинин уулдары кылмышкерди кечиришти. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар Хашоггинин уулдарынын бири Салах Хашкужи социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты деп кабарлашууда.
"Биз Жамал Хашоггинин уулдары, атабызды өлтүргөн жаранды кечирдик" деп жазылган анын билдирүүсүндө. Айтымында, мындай чечимди алар Рамазан айынын ыйык түндөрүнүн биринде жарыялашмакчы.
2018-жылы 2-октябрь күнү Түркиянын укук коргоо органдары журналист Хашогги Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирип кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып чыгышкан. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.
Сауд Арабиясы Жамала Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө жыйынтыкталганын билдирди. Ага ылайык, 5 айыпталуучу өлүм жазасына тартылып, дагы 3 айыпталуучуну 24 жыл бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.
Жамала Хашогги акыркы жылдары АКШлык "The Washington Post" басылмасында эмгектенген. Ал Сауд Арабиясынын бийлигин сындап, араб монархиясындагы саясий жана социалдык абалды өзгөртүү керек экендигин айтып келген.