Ат-Башыда бардык кызматкерлер үчүн коргонуучу костюмдар жетиштүү. Бул тууралуу аталган райондун акими Нурбек Сатаров бүгүн, 23-майда онлайн брифингде билдирди.
"Бардык кызматкерлер үчүн коргонуучу костюмдар жетиштүү. Дарылар да жетиштүү. Медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Райондун үч жеринде посттор турат. Карантиндик режим аяктары менен посттор алынат", - деди ал.