Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн алдыңкы адистерин илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо боюнча өкмөткө иш жүзүндө жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 15-июлда саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн алдыңкы адистери менен болгон жолугушууда айтты.
"Азыркы тапта медиктер коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча мүмкүн болгондун баарын жасап жатышат, биз баарыбыз учурдагы көйгөйлөр менен алекпиз. Бирок бул илдет менен күрөшүүдө күч-аракеттерибиздин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кырдаалга анализ кылуу жана өлкөбүздө илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл. Андыктан бул багытта өкмөткө иш жүзүндө жардам берүү керек", - дейт Жээнбеков.
Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, анализ кылуу жана божомолдоо, илдеттин өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, ошондой эле өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумунунун азыркы кырдаалда жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.
Баарлашууда өлкө башчы адистер илдет менен практикалык-интеллектуалдык күрөштүн алдыңкы сабындагы чебер дарыгерлер экенин, алардын кесипкөйлүгү менен бир топ жарандар илдеттен айыгып чыгышкандыгын ыраазычылык менен белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалганына токтолуп, жер-жерлердеги медиктерге кеп-кеңештерди берүүнүн, алардын квалификациясын жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча калктын саламаттыгын коргоо үчүн токтоосуз чечимдерди талап кылган бир катар сунуш-пикирлерди айтып чыгышты. Иш-аракеттерди координациялоо үчүн Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүүнү сунуш кылышты.