Улуу Британиянын борборунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Коронавирустун жайылып жаткан омикрон штаммынан улам Лондондо өзгөчө кырдаал киргизилди. Мындай чечимди Лондондун мэри Садик Хан кабыл алганын чет элдик басылмалар жазышты.

"Аталган аймакта омикрон штаммы менен жабыркагандар күн сайын көбөйүп, ооруканалар жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл албай калуу ыктымалдуулугу жаралды. Ал арада Лондондогу парламенттик аянтта коронавирустук чектөөлөргө каршы нааразычылык акциялары өтүүдө. Демонстранттар эмдөө тууралуу күбөлүктү жокко чыгарып, коомдук жайларда бет кап тагынуу режимин алып салууну талап кылышууда.

Буга чейин Улуу Британиянын башкы санитардык дарыгери омикрон штаммынын жайылышы тез болуп, илдеттин туу чокусуна бат эле жетерин, ошол эле учурда тез эле басаңдай турганын билдирген", - деп айтылат маалыматтарда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан