"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде 15 миңден ашык адам коронавирустан каза болду

Бүгүн, 28-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 100 миллион 755 миң 75 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 55 миллион 692 миң 291 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 170 миң 467 (+15415) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 25 миллион 583 миң 630 болду. 428 миң 791 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 689 миң 527 адамдан аныкталды. 153 миң 724 адам каза болсо, 10 миллион 359 миң 305 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 8 миллион 933 миң 356 адам вируска кабылган. 218 миң 878 бейтап көз жумса, 7 миллион 964 миң 176 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан