Аткарбаса айып пул төлөйт! Бразилиянын соту өлкө президентин медициналык бет кап тагынууга милдеттендирди

Бразилиянын федералдык соту өлкө башчысы Жаир Болсонаруну медициналык бет кап тагынууга милдеттендирди. Соттун чечимин аткарбаган учурда президент 390 доллар (болжол менен 29 миң 246 сом) айып пул төлөйт.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Бразилиянын федералдык соту шейшемби күнү президентти коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүүнү милдеттендирген чечим кабыл алды. Ал эми президенттин сарайынан соттун чечими боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Жаир Болсонару бет капсыз, кол капсыз көчөгө көп ирет чыкканы буга чейин айтылып жүргөн.

Акыркы алынган маалымат боюнча, учурда Бразилияда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миллион 106 миң 470ке жетсе, 601 миң 741 бейтап илдеттен арылды. Каза болгондор - 51 миң 271.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kyrgyz_bloger
2020-06-23 23:14:17
Мыйзам иштеген олкодо укук коргоо органдары президенттен коркпойт,кылмыш кылса камайт,бизде болсо отур десе отуруп,тура десе турушат.
+3
erlan2196
2020-06-23 23:39:08
Сооронбай Жээнбеков Матраимовторду актаган учун 10 жылга камалыш керек. Оор кылмыштын баарын Сооронбай Жээнбеков жасап жатат. Сокени колдогон кишини деле корбой калдык. Кайда барба Сооронбайдын кланын жек коргон адамдар.
+2
Paol
2020-06-24 00:23:16
Тазза илеп белги мн жазып алгансынар го
-1
Aimani
2020-06-24 00:23:25
Биздин соттордун духу жетпейт андайга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан