Жалпы аянты 100 гектар жерди ээлеген "Дордой" базары көп тармактуу соода комплекси болуп эсептелет. Ири базар 1990-жылы түптөлүп баштаган. Бул жайда соода кылып, тиричилигин өткөргөндөрдүн саны расмий маалыматтар боюнча 50 миңден ашат.
Соода жайы карантинден кийин жанданып, кыймыл башталганы менен базардагы абалды мурункудай деп айтууга болбойт. Биз базардагы соодагерлердин жүзүнөн баштагыдай шаңдуулукту эмес, кандайдыр тынчсызданууну байкадык. Анткени соода кылууга келген керектөөчү жана сатып алуучулардын саны баштагы базарга салыштырмалуу кескин азайган. Аны соодагерлер өздөрү айтып берип жатты.
Шахзада Нишонова 20 жылдан бери "Дордой" базарында соода кылат. Айтымында, чек аралар ачылса, соодагерлердин соодасы жанданмак.
"Соода мурункудан жакшы эмес, эл да аз. Бирок базарда такыр эл жок деп да айтууга болбойт. Бирин-серин сатуучулар иш ордуна кайтып, керектөөчүлөр көбөйө баштады", - дейт ал.
Ал эми 57 жаштагы Чынара Алыкулова 20 жылдан ашык убакыттан бери соодагерлерге чай, кофе сатып иштейт. Ал базарды катуу сагынганын жана эч качан базар мынчалык узак убакытка жабылбашын каалап "базар жабылбасын, анткени бул жер көпчүлүктүн акча тапкан жайы" дейт.
Сооданын солгундаганы бир эле сатуучуларга эмес, жумушчуларга да байкалган. Базарда араба түртүп, жүк ташып иштеген Абдрай Койгелдиев мурун күнүнө 1000 сомдон ашык акча тапса азыр кирешеси азайып, тапкан акчасы 500 сомго да жетпей жатканын айтат. Ага карабай ал баарына шүгүр айтып, баштагы иш ыргагы калыбына келет деген ишеничте.
"Дордой" базары пандемияга байланыштуу 23-мартта жабылып, соодагерлер ишин токтоткон.
SUPER.KG порталы дээрлик 2 ай жансыз турган базардын жанданган учуруна көз чаптырды. Толук видеоматериалдан көрүңүз.