Бир сутка ичинде өлкө аймагындагы ооруканалардан 11 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 5;
Нарын облусу – 6.
Республика боюнча жалпы 1 миң 181 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.