Бүгүн, 22-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 123 миллион 145 миң 452 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 69 миллион 770 миң 767 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 714 миң 938 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 818 миң 157 болду. Тилекке каршы, 542 миң 356 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 599 миң 130 адамдан аныкталды. 294 миң 42 адам каза болсо, 10 миллион 508 миң 99 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 599 миң 130 адам вируска кабылган. 159 миң 755 бейтап көз жумса, 11 миллион 130 миң 288 бейтап оорудан сакайды.