Бүгүн, 2-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.
2-июнга карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 1 миң 845.
Стационарда – 609, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 4;
Ооруканадан чыгарылды – 1 миң 219;
Каза болгондор – 17.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 364. Алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.
Бир сутка ичинде 28 жаран коронавирус жуктуруп алган.
Алар:
Бишкек шаары - 11;
Нарын облусу - 1;
Ош шаары - 16.
Республика боюнча жалпы: 1 миң 845.
Республика боюнча 38 жаран айыгып чыкты.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 18;
Нарын облусу – 6;
Ош шаары – 6;
Ош облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 2.
Республика боюнча жалпы 1 миң 219 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.