Алгачкы жолу коронавируска кабылгандардын Кытайдан башка өлкөдө каза болгон учуру катталды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Филиппиндеги бөлүмү Твиттер баракчасына жазган.
Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү 44 жаштагы Ухан шаарынын тургуну Филиппин өлкөсүндө каза болгон. Ал Филиппиндеги коронавирусту жугузган эки адамдын бири болгон.