"Саламаттыкты сактоо тармагында 36 жыл эмгектенген". Коронавирустан каза болгон бейтаптар тууралуу маалыматтар айтылды

3-июнга карата өлкөдө COVID-19 вирусунан дагы 3 бейтап каза болду. Республикалык штаб каза болгон жарандар тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:

1. 1961-жылы туулган эркек киши. Ал Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери Исмаилов Альберт Жумабекович. Кесибине байланыштуу пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алып жаткан. Андан COVID-19 вирусу тастыкталып, оор абалда өтүп жатканы белгилүү болгон. Ош облустук ооруканасында дарыланууга жаткырылган.

Исмаилов Альберт Жумабекович саламаттыкты сактоо тармагында 36 жыл эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон. 3 уул, бир кыздын атасы, 7 небереси болгон. "Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатынын жана бардык медкызматкерлердин, республикалык штабдын атынан маркумдун жакындарына орду толгус жоготуу болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - дешти штабдан.

2. 1965–жылы туулган эркек киши. Маркум жүк ташуучу унаанын айдоочусу. 27-майдан бери Ош облустук ооруканасында оор абалда жаткан.

3. 1936-жылы туулган эркек киши, Нарын облусунун тургуну. 21-майда жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.

Каза болгон үч жаранда тең коронавирустун кесепетинен кошумча өнөкөт оорулары күчөп кеткен.

Өлкөдө коронавирустан дагы 3 адам каза болду. Алардын бири дарыгер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан